Филиппиндин жээгинде өз алдынча жүргөн яхтадан мумия табылды

© AFP / SAUL LOEBФилиппиндеги деңиз жээгиндеги полиция кызматкери. Архив
Филиппиндеги деңиз жээгиндеги полиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Немис саякатчысы Манфред Фриц Байорттун сөөгү кемеде бир жыл бою "сүзүп" океанды аралап жүргөн.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Филиппинде эки балыкчы мачтасы сынып, суунун толкуну менен сүзүп жүргөн яхтадан адамдын мумиясын таап алышканын Британиянын Independent басылмасына таянуу менен РИА Новости жазып чыкты.

Археолог. Архив - Sputnik Кыргызстан
Археолог: Англиядагы бай жана кедей үй-бүлөнүн балдары орто кылымда бирдей тамактанышкан
Документтер боюнча өлгөн кишинин 59 жаштагы немис саякатчысы Манфред Фриц Байорт экени аныкталган. Ал бул аяхтага 20 жылдан бери ээлик кылып, жарым миллион милден ашуун сууну кечип келген. Саякатчынын өлүмүнүн себеби азырынча тактала элек, бирок жергиликтүү полиция Байорт жүрөк оорусунан каза болгонун божомолдойт.

Капитандын денеси радиотелефондун жанынан табылган. Мындан улам анын өлүм алдында белги берүүгө аракет кылганы көрүнүп турат. Океандын кургак шамалы, ысык аба ырайы жана туздуу аба сөөктү мумияга айлантып салган.

Акыркы жолу Байорт байланышка бир жул мурун чыгып, соцтармак аркылуу досуна билдирүү жөнөткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0