Балдардын упчусу менен презервативден рак кылуучу зат табылды

© flickr.com / Paul KellerПрезервативдер. Архив
Презервативдер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Меркаптобензотиазол затын чычкандардын жемине, суусуна аралаштырып бергенден кийин, аларда ичегилердин, табарсыктын жана кандын рагы пайда болгон.

БИШКЕК, 1-мар — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) адистери презервативдеги, кол каптардагы, балдардын упчусундагы резинага кошулган меркаптобензотиазол заты айбандарда ракты жаратаарын, мунун адамдарга да тиешеси бардыгын айтышты. Бул туурасындагы маалымат Lancet Oncology журналына жарыяланды.

"Фабрикаларда пайдаланылган желимдердеги меркаптобензотиазол (МБТ) заты анда иштегендер үчүн коркунучтуу болушу мүмкүн. Бирок, аталган кристаллдын өндүрүштө колдонулган көлөмү андай кесепетке алып келиши күмөн. МБТ жалпы эле Жердин жашоочулары үчүн көйгөй жаратарына шегим бар. Анткен менен заводдо иштегендер менен аны даярдагандарды баары бир коргош керек", — деди Бирмингем (Улуу Британия) университетинин окумуштуусу Том Сорахэн.

Сорахэн, анын кесиптештери жана сегиз өлкөдө иштеген ДСУнун жоон топ эксперттери коңгуроо какты. Жаныбарларга жасалган тажрыйбаларды анализдеп көрүшүп, бир нече резина буюмдардагы химиялык заттар организмде залалдуу шишиктердин пайда болушун шарттаарын айтышты. 

Желимдин курамындагы негизги зат — МБТ (C7H5NS2) химиктер каучукту резинага айлантаар алдында колдонгон реагент. 

Зика вирусун тараткан чиркейлерди жок кылуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда жүрөктөн үшүн алган оорулар: апыртылганы жана апкаарыткандары
Акыркы жылдары бул зат денени дүүлүктүрүп, адамдын да, айбандардын да организмине терс таасир тийгизгени менен медиктердин көңүлүн өзүнө буруп келет. Мындан сырткары жакынкы мезгилден тарта, ал бир нече органдардын рагын пайда кылышы тууралуу негиздүү маалыматтар жарала баштады. Сорахэн кесиптештери менен акыркы беш жыл ичинде жаныбарларга жүргүзүлгөн изилдөөлөр иштин жагдайы чындыгында эле олуттуу экендигин тастыктаган.

Аталган кристаллды чычкандардын жемине, суусуна аралаштырып бергенден кийин, аларда ичегилердин, табарсыктын жана кандын рагы пайда болгон. Ушундай эле жыйынтык МБТ заты кошкон желимдин негизинде азык-түлүк чыгарган фабрикаларда иштегендерде кездешкен. 

Мындай бир нече жыйынтыктар ДСУну Lancet Oncology журналына расмий түрдө МБТ "адамдар менен айбандарды ракка алып келиши мүмкүн" деп билдирүүгө мажбур кылды.

Азырынча Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму окумуштууларда рак менен кристаллдын ортосундагы байланыш так аныкталбагандыктан, бул зат менен күрөшүү боюнча конкреттүү чараларды айта элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0