Археолог: Англиядагы бай жана кедей үй-бүлөнүн балдары орто кылымда бирдей тамактанышкан

© Sputnik / Петрухин / Медиабанкка өтүүАрхеолог. Архив
Археолог. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Археологдордун божомолу боюнча эки-төрт жашар англиялык балдар чоң адамдар жеген тамактарды жеп, ата-энесине чарбалык иштерде жардам берүүгө жарап калышкан.

БИШКЕК, 29-фев. — Sputnik. Орто кылымдардын акырында Англиядагы бай жана кедей үй-бүлөлөрдүн балдары бирдей тамактанышкан. Бул тууралуу материал Journal of Archaeological Science журналына чыкканын РИА Новости жазып чыкты. 

Англиялык археологдордун айтымында, тиштеги жаракада наристелердин канча жашка чейин эне сүтүн эмгени жана жеген тамагынын сапаты тууралуу маалыматтар сакталган. Ал эми тиштеги тактар аркылуу желген тамактардын түрлөрүн аныктоого болот. 

Перуда инктерден мурун жашаган элдин учугу чыкты
Англиянын Кентербери шаарындагы мүрзөлөрдөгү балдардын тиштерин изилдөөгө алганда, бай жана кедейлердин балдары эне сүтүн эрте эле эмбей калышканы маалым болгон. Алар бир жашында буламык, сууга эзилген нан жана башка жумшак продуктулар менен тамактанышкан. 

Окумуштуулардын божомолу боюнча эки-төрт жашар англиялык балдар чоң адамдар жеген тамактарды жеп, ата-энесине чарбалык иштерде жардам берүүгө жарап калышкан. Бул алардын эрте жетилгенинен кабар берет. 

Ал эми жети-сегиз жаштагы балдар толук түрдө чоң адамдардын рационуна өтүшкөн. Кызыгы, бай жана кедей үй-бүлөнүн балдары бирдей тамак түрлөрү менен азыктанып, денелүү келишкен. 

Жаңылыктар түрмөгү
0