Түркия Сирияга согуштук сокку урганы белгилүү болду

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүКесаб шаарына көрүнүш, Сирия. Архив
Кесаб шаарына көрүнүш, Сирия. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Макулдашууга ылайык, Сирияда 27-февралдан тартып согуштук аракеттер токтотулмак.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Түркия Сириянын Этт-Телль эль Абьяд шаарына согуштук сокку урганы тууралуу белгилүү болду. Бул тууралуу согуштук аракеттерди токтотуу боюнча борбордун жетекчиси генерал-лейтенант Сергей Кураленко билдирди.

Эскерте кетсек, Россия менен АКШнын 22-февраль күнү билдирүү жасап, ага ылайык, үстүбүздөгү жылдын 27-февралынан тартып Сирияда өкмөттүн аскер күчтөрү менен оппозициянын аскердик топторунун ортосунда согуштук аракеттер токтолушу керек болчу. Ал эми БУУ тарабынан террористтик деп табылган "Ислам мамлекети" (ИМ), "Жебхат ан-Нусра" жана башка топторго чабуул улана бермекчи.

"Борборго жекшембиге караган түнү Түркиянын аймагынан Сириянын Этт-Телль эль Абьяд шаарына согуштук сокку болгону тууралуу маалымат келген. Бул бир канча булактар тарабынан такталды", — дейт Кураленко.

Сирияда согуштук аракеттер 2011-жылдын жүрүп келет. БУУнун маалыматы боюнча анда 220 миңден ашуун адам каза болгон. Өкмөттүк күчтөргө ар кандай куралдуу уюшкан топторго тиешелүү согушкерлер каршылык көсөтүүдө. Эң эле жигердүүлөрүнөн болуп "Ислам мамлекети" менен "Жебхат ан-Нусра" террористтик топтору эсептелинет.

Жаңылыктар түрмөгү
0