Кабулда катуу жарылуу болду

© REUTERS / Mohammad IsmailКабулдагы афган аскерлери. Архив
Кабулдагы афган аскерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Афганистандын борборунда катуу жарылуу болгондугун Рейтер агенттиги кабарлады. Кырсыктын кайсыл жерде болгондугу, жабыр тарткандар жана ким жасагандыгы тууралуу белгилүү боло элек.

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Ишемби күнү Кабулда катуу жарылуу болду деп билдирди Рейтер агенттиги. Кырсыктын кайсыл жерде болгондугу, жабыр тарткандар жана ким жасагандыгы тууралуу так белгилүү боло элек.

Ушул эле ишембиде, бир аз мурдараак Кунар провинциясынын Асадабад шаарында жарылуу болуп, кырсык 11 адамдын өмүрүн алып кеткен. Маалыматтарда жарадарлардын саны 40 кишиге чамалап барат деп айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0