Обама Сирияда согуштук аракеттердин токтой турганына ишене бербейт

© REUTERS / Jonathan ErnstАКШнын президенти Барак Обама. Архив
АКШнын президенти Барак Обама. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Американын лидери согуштук аракеттердин токтотулушу зордук-зомбулукка чек коёрун моюндаганы менен ал дароо ишке ашарынан күмөн санай турганын билдирди.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. АКШ президенти Барак Обама Сирияда согуштук аракеттер дароо токтоп каларына ишеним артпай турганын, бирок Вашингтон жарашуунун ишке ашуусуна бардык жагынан колдоо көрсөтө турганын АКШнын улуттук коопсуздук кеңешинин көчмө жыйынында билдирди. 

Кыргызстан Сирияда согуштук аракеттерди токтотуу чечимин колдойт
Эскерте кетсек, дүйшөмбү күнү АКШ менен Россиянын Сирия боюнча биргелешкен билдирүүсү жарыяланып, анда 27-февралдан тартып убактылуу тыныгуу күчүнө кириши керектиги каралган. Бирок бул макулдашуу БУУ тарабынан террористтик деп табылган "Ислам мамлекети", "Жебхат ан-Нусра" жана башка топторго тиешелүү болбойт.

Обама Сириядагы согуштук аракеттерди токтотууга чакырып, президент Башар Асад боюнча Россия жана Иран менен бир пикирге келе элек экенин белгиледи. Муну менен бирге Америка лидери террористтердин сары изине чөп салуу улана берерин кошумчалады.

"Эгер жарашуу ишке ашса, ал зордук-зомбулукка чек коюп, сириялыктарга көбүрөөк жардам берүүгө шарт түзөт. Кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөргө негиз болуп берип, баарынын көңүлүн ИМди жок кылууга бурушу мүмкүн", — деди Обама.

Бирок муну менен бирге АКШ президенти белгиленген тыныгуу дароо ишке ашып кетерине ишенбей турганын белгиледи.

"Убактылуу тыныгуу — бул баш аламандыкты токтотууга кадам болуп саналат. Эртеңден баштап ок атышуу токтоп калат дегенден алыспыз. Террористтик топторго чабуул улана берет", — деди өлкө башчы.

Президент Обама Башар Асаддын маселеси боюнча АКШ Россия жана Иран менен бир пикирге келе албай жатканын белгилеп, макулдашуунун шарты бардык тараптар тарабынан дыкат аткарыларына ишеним артты.

АКШ лидери бул макулдашуунун пайдалуу жагы катары Сирияга багыт алган согушкерлердин саны азайып, "Ислам мамлекети" террористтик тобу бир катар финансылык каатчылыкка батып отурганын атады.

"Бардык өлкөлөрдүн чогулуп жасаган аракетинин натыйжасында ИМ ээлеп турган маанилүү аймактарынан кол жууду. Биз алардын акча каражаты сакталып турган кампалардын жок кылуудабыз. Мындан улам согушкерлердин айлыгы азайып, моралдык абалына доо кетип жатат. Күндөн күнгө топ катарынан качып чыккандар көбөйүүдө", — деди президент.

Обама АКШ ИМ коркунучун жок кылуу үчүн бардык каражатын колдонорун баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0