Зика оорусу Японияга жетти

© REUTERS / INA FASSBENDERЗика вирусу. Архив
Зика вирусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Япониялык жаран Бразилияга болгон сапарынан кийин Зика илдетин жуктуруп алганы белгилүү болгон. Учурда ал өз үйүндө. Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги вирустун жайылуу коркунучу жок деп эсептейт.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Зика оорусун жуктуруп алган япониялык жаран аныкталганын өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү билдирди.

Жаш жигит ооруга 9-февралда Бразилияга барып келгенден кийин чалдыккан. Японияга кайтаарга эки күн калганда дене табы 38 градуска чейин көтөрүлүп кеткен. Учурда анын үйдө экени айтылууда.

Билл Гейтс Зика оорусуна каршы күрөшөт
Министрликтин өкүлү Японияда оорунун жайылуу коркунучу жок экенин айтууда, анткени, чиркейлердин маалы азырынча келе элек.

Февралдын башында Япония Бразилия, Колумбия, Парагвай сыяктуу Түштүк жана Борбордук Америка өлкөлөрүнө болгон сапарлар маалында өзгөчө этият болууну жар салган. 

Зика оорусу — маймылдардын курч инфекциялык илдети. Ал айрым учурда гана чиркейлер аркылуу адамга жуга турганы байкалган. Вирус көбүнесе кош бойлуулар үчүн өтө кооптуу, анткени ал түйүлдүктүн баш мээсине доо кетирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0