Месси Афганистандагы эң чоң фанаты Муртазага футболкасын берип жиберди

© AFP / STRЖелим баштык менен Мессинин футболкасын жасап алып таанымал болгон Муртаза. Архив
Желим баштык менен Мессинин футболкасын жасап алып таанымал болгон Муртаза. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Футболкада "мен да сени жакшы көрөм" деп жазылган.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Желим баштык менен Мессинин футболкасын жасап алып таанымал болгон афган баласына кумиринин чыныгы футболкасы ыйгарылды. Бул тууралуу ВВС маалымат агенттиги жазып чыкты.

Аргентина футбол клубунун өкүлдөрү "Мессинин эң чоң фанаты" атыккан афган баласы Муртазага футболчунун кол тамгасы коюлган футболка ыйгарылганын тастыкташты.

"Месси футболкага мен да сени жакшы көрөм деп жазыптыр", — дейт Муртаза. 

Murtaza realized one of his biggest dreams today! He received team jerseys and an autographed football with a personal…

Опубликовано Unicef Afghanistan 24 февраля 2016 г.

Месси ЮНИСЕФ уюмунун ыктыярдуу элчиси, анын футболкасы кичинекей Муртазага аталган уюм аркылуу жеткирилип берилген. 

"Алтын топтун" беш жолку ээси Муртазанын сүрөтүн интернетке киргизген байкесине дагы футболка берип жиберген.

Жаңылыктар түрмөгү
0