Эненин ичинен баланы кесип алган америкалык аял 80 жылга кесилиши мүмкүн

© flickr.com / Tatiana VdbБеременная женщина. Архивное фото
Беременная женщина. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үрөй учурган окуя өткөн жылдын март айында болгон. Аял үйүнө келген кош бойлуу коногуна кол салууга барган.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Кош бойлуу коногунун ичинен баласын кесип алган Колорадонун тургуну 80 жылга түрмөгө кесилиши мүмкүн экенин Reuters агенттиги кабарлайт.

35 жаштагы Дайнел Лейнди сот адамды өлтүрүүгө аракет кылуу жана бойдон түшүрүү айыбы боюнча күнөөлүү деп тапты. Жалпы жонунан ал 80 жылга эркинен ажырашы мүмкүн экени айтылууда.

Маалыматка ылайык, былтыркы жылдын март айында Лейн үйүнө келген кош бойлуу Мишель Уилкинсти бычактап, андан соң ичиндеги баласын кесип алган.

Reuters агенттигинин айтымында, ошол күнү жети айлык боюнда бар Мишель Лейндин үйүнө Дайнелдин ымыркайлардын кийимине болгон муктаждыгы тууралуу жарыясынан кийин келген. Бир саат сүйлөшүп отургандан кийин аялдар чырдаша кетишкен. 

Абактагы аялдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Нарында наристени сабап өлтүрдү делген аял тергөө амалдары бүткөнчө эки айга камалды
Дайнелди тынчтандырууга болгон Мишелдин аракетинен натыйжа чыккан эмес. Үй ээсинин башка койгулаганынан ал эс-учун жоготуп койгон. Андан соң Лейн эки бычак менен Мишелдин ичин жарып, баланы алып чыккан. 

Кечинде үйгө келген Лейндин жигити канга боелгон кызын көргөн, ал эми жуунуучу жайдан ымыркайдын жансыз денесин тапкан. 

Басылманын маалыматы боюнча Лейн ага чейин жигитине кош бойлуу экенин айтып, эми боюнан түшүп калганын "далилдеген".

Жигити аны ооруканага жеткирет. Бирок ошол эле маалда полицияга үйдүн жер төлөсүнө катылып эсине келген Мишелден коңгуроо түшөт.

Кылмышка барган аял бойдон түшүргөнү үчүн 32 жылга, ал эми өлтүрүү аракети үчүн 48 жылга түрмөгө кесилүү алдында турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0