АКШ нефть өндүрүү көлөмүн чектөөгө терс мамиледе

© AP Photo / Hasan JamaliНефть чыгаруучу насос. Архив
Нефть чыгаруучу насос. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик департаменттин энергетика тармагындагы эл аралык мамилелер боюнча атайын кеңешчи Амос Хохштайн өкмөт нефть базарындагы абалга кийлигишпөөсү керек экенин айтты.

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. АКШ өкмөтү нефть өндүрүүнүн көлөмүн чектөө демилгесине кошулбай турганын Мамлекеттик департаменттин энергетика тармагындагы эл аралык мамилелер боюнча атайын кеңешчи Амос Хохштайн билдирди.

Муну менен бирге Хохштайн өлкөнүн өкмөтү нефть өндүрүүчүлөр менен да, аны пайдалануучулары менен да өз ара аракетте экенин белгиледи.

"Биз дүйнөнүн бардын тарабындагы досторубуз менен — нефть өндүргөн жана аны пайдаланган өлкөлөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келебиз. Бирок өкмөт нефть кандай көлөмдү өндүрүлгөнүн жана канчасы экспорттолушу керектигине кийлигишпөөсү зарыл", — деди ал. 

Буга чейин Россия, Сауд Аравиясы, Венесуэла жана Катар мамлекеттери 2016-жылы нефть өндүрүүнүн көлөмүн январь айынын чегинде кармап турууну сүйлөшүшкөн. Мында бул демилге башка мамлекеттердин да колдоосуна алынышы кажет экени айтылган. Биринчилерден болуп Иран бул сунушту колдоого алган. Бирок бейшемби күнү Сауд Аравиясы жетишилген макулдашуудан баш тартканын билдирген. Ал эми дүйшөмбү күнү Нефть экспорттоочу өлкөлөр уюмунун (ОПЕК) башкы катчысы Абдалла Салем Эль-Бадри АКШны ийри отуруп түз кеңешүүгө чакырган.

"Мен чектөө киргизүүгө каршымын. Иран бул демилгени колдоодон баш тартты. Демек бул сунуштун мааниси да жоголду", — деди Хохштайн.

Опек желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
ОПЕК АКШны нефть казуу көлөмүн чектөө боюнча келишимди талкуулоого чакырат
АКШ конгресси декабрь айында 1975-жылдан бери нефтинин экспорттолушуна салынган тюуну алып салды. Буга чейин Түндүк Дакотанын сенатору Хайди Хайткамп эркин базарды колдой турганын айтып, АКШ Сауд Аравиясы, Россия жана башка нефть өндүрүүчүлөр менен атаандаш боло турганын белгилеген.

Energy Intelligent Group компаниясынын божомолу боюнча 2016-жылы башка өлкөлөргө салыштырмалуу АКШ нефтини көп өндүрөт. ОПЕК курамына кирбеген өлкөлөрдүн жалпы үлүшү 60 пайызды же күн сайын 500 миң тоннаны түзөт. Демек, АКШ менен макулдашуу нефть басымдуулук кылган базарды турукташтырууга жардам бермек.

Жаңылыктар түрмөгү
0