Түркиялык жаран Эрдоганды мазактаганы үчүн аялын сотко берди

© AFP / ADEM ALTANТүркия президенти Режеп Тайып Эрдоган. Архив
Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Измир провинциясынын жашоочусу Түркия президенти теледен чыкканда аны аялы мазактап сүйлөп жатканын диктофонго жаздырып алган.

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Измир провинциясынын жашоочусу Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган теледен чыкканда аны аялы мазактап сүйлөп жатканын диктофонго жаздырып алып, сотко берди. Бул туурасында Yeni Safak гезити жазып чыкты.

Буга чейин Эрдоганды мазактагандыгы үчүн бийлик Түркия жарандарына, алардын ичинен журналисттерге карата бир нече ирет доо арызын берген. Түрк мыйзамдары боюнча, президенттин атына шек келтиргендер айып пул төлөйт же төрт жылга чейин эркинен ажыратылат.

Али аттуу доогер далил катары аялынын сөздөрүн диктофонго жаздырып алган. Бул түрк президенти Эрдоган теледен сүйлөп жатканда болгон. 

"Эгерде президентти мазактаса, өз атам болсо да сотко бермекмин", — деп доогердин айтканын гезит жазды. 

Аялы күйөөсүнүн мындай кадамынан кийин дароо ажырашууга арыз жазган.

Жаңылыктар түрмөгү
0