ОПЕК АКШны нефть казуу көлөмүн чектөө боюнча келишимди талкуулоого чакырат

© AFP / ALEXANDER KLEINОпек желеги. Архив
Опек желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Божомолдорго ылайык АКШ 2016-жылы чийки нефтини экспорттоого салынган тыюу жоюлгандан кийин башка өлкөлөргө салыштырмалуу нефтини көп өндүрө баштайт. "Кара алтындын" көбөйүшү нефтиге болгон баанын төмөндөшүн шарттамакчы.

БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Нефть экспорттоочу өлкөлөрдүн уюму (ОПЕК) АКШны нефть өндүрүү көлөмүн чектөө боюнча сүйлөшүүгө чакырганын CERAWeek жүрүшүндө картелдин башкы катчысы Абдалла Салем Эль-Бадри билдирди.

"Мен Европа биримдиги менен да, орустар менен да, кытайлар менен да сүйлөшүп жатам. АКШдан башкасынын баары менен жолугушуулар болууда. Менин каалаганым эле — диалог", — деди ал. 

Муну менен бирге катчы сүйлөшүүлөр АКШнын монополияга каршы мыйзамына каршы келбеши керектигин белгиледи.

Energy Intelligent Group компаниясынын божомолу боюнча 2016-жылы башка өлкөлөргө салыштырмалуу АКШ нефтини көп өндүрөт. 

Тегеран шаарындагы Азади мунарасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Иранда биринчи жолу нефть министринин орун басары болуп аял киши дайындалды
ОПЕК курамына кирбеген өлкөлөрдүн жалпы үлүшү 60 пайызды же күн сайын 500 миң тоннаны түзөт. Демек, АКШ менен макулдашуу нефть басымдуулук кылган базарды турукташтырууга жардам бермек. Бирок эксперттер аталган өлкөнүн ОПЕК менен бир пикирге келүүсү мүмкүн эмес деп эсептейт, анткени, Энергетика министрлиги нефть казуу менен алектенген жеке компанияларга мыйзам чегинде эч кандай таасир эте албайт.

АКШ конгресси декабрь айында 1975-жылдан бери нефтинин экспорттолушуна салынган тюуну алып салды. Буга чейин Түндүк Дакотанын сенатору Хайди Хайткамп эркин базарды колдой турганын айтып, АКШ Сауд Аравиясы, Россия жана башка нефть өндүрүүчүлөр менен атаандаш боло турганын белгилеген.

Өткөн аптада Россиянын энергетика министри Александр Новак менен Сауд Аравиясы, Венесуэла жана Катар мамлекеттеринин өкүлдөрү менен Дохада өткөн жолугушуунун натыйжасында 2016-жылы нефтини январь айындагы көлөмдүн чегинде казуу тууралуу макулдашуу түзүлгөн. Бул демилгени Иран колдой турганын билдирген. Бирок бейшемби күнү Сауд Аравиясы жетишилген келишимден баш тарткан. Өлкөнүн ТИМ башчысы Адиль аль-Джубейр анын мамлекети нефть казууну азайтууга даяр эмес экенин айтып, бирок башкалар азайтса базар турукташышы мүмкүн деген билдирүү тараткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0