Окумуштуулар: адам баласынын картаюусун токтотсо болот

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүШприц кармаган врач. Архив
Шприц кармаган врач. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адамдын организминде 90 жаштан ары картаюу процесси болбойт.

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Адамдын жашы улгайганда өмүрдү сактап калуу мүмкүн эмес, бирок картаюу процессин токтотсо болот. Бул туурасында РИА Новости Москва шаарынын башкы дарыгери Ольга Ткачевага таянып билдирди. 

"Кеп адамдардын түбөлүк жашоосу туурасында болгон жок. Организмдеги картаюуну убактылуу кармап турса болот деген илимий тыянак туурасында айтып жатабыз. Мисалы, 90 жаштагы адамдын биологиялык жашын аныктоо мүмкүн эмес, анткени организмде андан ары картаюу процесси болбойт", — дейт улгайгандарды дарылоо боюнча адис Ткачева. 

Анын айтымында, окумуштуулар картаюуну канчалык көбүрөөк изилдесе, ошончолук батыраак жыйынтыкка жетет. Мисалы, адамдын организми 90 жашта картаюуну токтоткон сыяктуу, ошол процессти 60 жашка жылдыруу керек. Тагыраагы, карылыкка алдырууну эртерээк башкаруу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

"Гендерге таасир берүү аркылуу картаюу процессин жайлатуу зарыл. Бул процессти бүгүнкү күндө бардык окумуштуулар кызыгып изилдеп жатышат. Жакынкы күндөрү жакшы тыянактар чыгат деп турабыз", — дейт Ткачева.

Мурдараак, Алтай мамлекеттик университетинин окумуштуулары адамдын ден соолугунда жаштыкты кармап туруучу дары ойлоп чыкканын жарыялашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0