Социолог: талапкер Трамптын мусулмандарды жек көрүүсү ага упай алып келди

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүДональд Трамп. Архив
Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Миллиардер талапкердин АКШны мигранттардын коргош үчүн Мексика менен болгон чек арага дубал куруш керек деп айтканы дагы бир нааразычылык толкунун жараткан.

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Дональд Трамптын АКШга мусулмандардын киришине тыюу салуу керек деген талабы Түштүк Каролина штатында праймеризде америкалыктардын колдоосун жаратты. Мындай пикирин социолог Гэри Лангер билдирди.

Трамп праймеризде 32,5 пайыз топтоду, экинчи орун үчүн 22 пайыз менен сенаторлор Марко Рубио жана Тед Круз ат салышууда.

"Мусулмандардын АКШга киришине тыюу салуу боюнча айткандары республикачылардын Түштүк Каролинадагы праймеризинде жеңишке жетишине жардам берди", — деп айтты Лангер АВС телеканалына берген маегинде.

Мусулмандар айт намаз учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар: АКШда мусулмандардын саны 2050-жылы карата эки жарым эсеге өсөт
Анын айтымында, Трамптын шайлоочуларынын 89 пайызы мусулмандардын АКШга кирүүсүнө тыюу салуу керек дегенин колдоп чыгышты. Ал эми шайлоо тилкесинин чыга беришинде жасалган сурамжылоолордо республикачыларды шайлагандардын 75 пайызы буга макул экендигин айтышкан.

АКШнын администрациясы мындай планды кескин сындады. Британиялык парламент Трамптын Улуу Британияга киришине тыюу салуу туурасындагы маселени карады. Дүйнөлүк лидерлер менен коомдук ишмерлер Трамптын бул айткандары туура эмес пикир дешти. Бирок, декабрда Сан-Бернардино шаарындагы терактыдан коркуп калган америкалыктар талапкердин айткандары үчүн нааразылык билдире алышкан жок.

Миллиардер талапкердин АКШны мигранттардын коргош үчүн Мексика менен болгон чек арага дубал куруш керек деп айтканы дагы бир нааразычылык толкунун жараткан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0