АКШда үч жашар бөбөк тапанча менен энесин башка атып алды

Жазылуу
Жаш бала тапанча менен ойноп жатып, кокустан ок чыгарган.

БИШКЕК, 21-фев. – Sputnik. АКШда үч жашар бөбөк тапанча менен ойноп жатып, энесин башка атып алганын РИА Новости 17 West Michigan телеканалына таянуу менен жазып чыкты.

Окуя Мичиган штатында болгон. Тапанчанын атылганы боюнча кабар түшөөрү менен жергиликтүү полиция кызматкерлери жетип келген. Алардын маалыматында, 28 жаштагы аял жаракат алган.

Тапанча жана ок. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин тургуну бир жашик курал-жарак милицияга өткөрүп берди
Тапанчадан атылган ок анын башына тийип, бактыга жараша, аял аман калган. Полиция кызматкерлери "Тез жардам" чакырып, аны ооруканага жеткирген.

АКШда жаш балдар ок атуучу куралдан кокусунан ок чыгарып алган учурлар көп кездешет. 

New York Daily News гезитин маалыматында, АКШнын тургундары 270 миллиондон 300 миллионго чейин ар кандай курал-жарактары алып жүрүшөт. Бул ар бир жаранда курал бар дегенди түшүндүрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0