Башар Асад: саудит согушкерлер бизге Түркия аркылуу келип жатат

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүСирия президенти Башар Асад. Архив
Сирия президенти Башар Асад. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сирия президенти Түркия же Сауд Аравиясына эгерде алар аскерлерин Сирияга жиберсе, тиешелүү жооп алаарын жана бул эл аралык эрежелерди бузгандык катары саналарын эскертти.

БИШКЕК, 21-фев. – Sputnik. Сирия президенти Башар Асад Түркия же Сауд Аравиясы аскерлерин "Ислам мамлекети" менен күрөшөт деген шылтоо менен Сирияга жибере турган болсо, аларга террорист катары жооп кайтарарын билдирди.

"Бул шылтоо. Эгерде алар келе турган болсо, террорчуларга жасалгандай мамилеге туш болот. Биз өз өлкөбүздү коргоп жатабыз. Саясий же аскердик көз караш менен Сирияга кирип келүүгө эч кимдин акысы жок. Бул эл аралык эрежелерди бузуу катары кабыл алынып, бизде да, Сирия элинде да бир эле – мекенди чоочундардан коргоо аргасы калат", — деп айткан Асад испаниялык El Pais гезитине берген маегинде.

Ал "Түркия террорчуларды жөнөтүп… Сириядагы окуя башталгандан тарта эле киришип, аралаша баштагандыгын" кошумчалады.

"Сауд Аравиясы — террорчулардын башкы финансисти. Аларды учакка отуругузуп Түркияга, андан соң Сирияга жөнөтүп жатышат", — деди Асад.

Ал Сирия бийлиги өздөрүнүн аймагындагы чет элдиктерге куралдуу топтордун, террорчулардын тарабында туруп согушкандар катары карай тургандыгын кошумчалады. Асад чет элдиктер эгерде туткунга түшүп калса, экстрадициялоо боюнча сүйлөшүү алардын мекени болгон өлкөлөр менен гана жүргүзүлөөрүн айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0