Төрт жаштагы бала Египетте өмүр бою эркинен ажыратылды

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүСот балкасы. Архив
Сот балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпыга маалымдоо каражаттары төрт жаштагы Карни эки жашында оор кылмыш жасаган деп айыпталууда.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Египеттин соту төрт жаштагы баланы эки жыл мурдагы жасаган оор кылмышы үчүн өмүр бою абакка кескенин The Mirror гезити жазып чыкты.

Төрт жаштагы Ахмед Мансури Карни адам өлтүрүүгө аракет кылуу, вандализм, мамлекеттик мүлккө жана Египеттин саламаттык сактоо министрлигинин кызматтык унаасына зыян келтирген деп айыпталууда. Ошондой эле, полициянын офицерин коркутканы да айтылууда. 

Баланын адвокаты Файсала аль-Саиддин айтымында, ишти караган сот материалдар менен толук таанышпашы мүмкүн.

"Айыпталып жаткан баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк тергөөчүлөргө көрсөтүлгөн. Бирок, аны кийин "изделип жаткандардын" категориясына кошушкан. Андыктан сот иши аскер сотуна өттү", — дейт адвокат.

Жактоочунун айтымында, сот кичинекей баланы анын атына окшош байкеси менен алмаштырып алышы мүмкүн.

Файсала аль-Саид прокурор менен сотту тажрыйбасыз жана ишти көңүл коюп караган эмес деп айыптап, сот ишин акылга сыйбаган жорук деп баалайт.

Сот жыйыны учурунда айыпталуучу келген эмес. Сот өкүмү сыртынан окулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0