Россияда поездди "бомба бар" деп токтоткон кыргызстандык аялга сот айыппул гана салды

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүЕкатеринбургдагы темир жол. Архив
Екатеринбургдагы темир жол. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сот залында Арипжанова үй-бүлөсүн сактап калуу үчүн жалган маалымат берүүгө аргасыз болгонун айтып, жалпы екатеринбургдуктардан кечирим сурады.

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Екатеринбургда поезд каттамын бомба бар деп токтоткондугу үчүн СИЗОдо отурган кыргызстандык Дилорам Арипжанованы сот 80 миң рубль айып пул салып, эркиндикке чыгарды. Бул туурасында КРдин Екатеринбургдагы башкы консулу Төлөнбай Кожобаев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Былтыр, 17-ноябрда үй-бүлөлүк жагдайдан улам, күйөөсүн көңүлдөшүнөн кызганган кыргызстандык аял милицияга Новосибирск — Адлер каттамында бомба бар деп телефон чалып, темир жол воказалы ызы-чууга түшкөн. Екатеринбургдагы бекет менен каттамдагы поездден жалпы жонунан 400 киши сыртка чыгарылган.

"16-февралда Екатеринбург соту Арипжанованы күнөөлүү деп таап, ага 80 миң рубль айыппул менен түз эле сот залынан бошотту. Сот анын 2015-жылдын 18-ноябрынан 2016-жылдын 16-февралына чейин СИЗОдо отургандыгын эске алынгандыгын билдирди", — деди башкы консул Кожобаев. 

Ал Башкы консулдуктун атынан Екатеринбург сотуна буга чейин Арипжанованын жаш экендигин жана адашкандыгын жүйө келтирип өтүнүч кат жиберилгендигин кошумчалады.

"Кечээ Арипжанованы туугандарынын ичинен кайын атасы Башкы консулдукка келип, ыраазычылыгын айтып кетти", — деди ал.

Чолпон-Атанын мурдагы мэри "телефон террорчулугу" үчүн кармалды
Сотто Арипжанова үй-бүлөсүн сактап калуу үчүн ушундай кадамга барууга аргасыз болгондугун айтып, жалпы екатеринбургдуктардан кечирим сурады.

Аймактык жалпыга маалымдоо каражаттарынын жазганына караганда, "телефондук террорчу" бомба туурасында жалган маалыматты билдиргенден бир нече сааттан кийин тартип коргоо органдарына өзү келип, болгон окуяны айтып берген.

28 жаштагы Арипжанованын үч баласы бар, учурда үй-бүлөсү менен Екатеринбург шаарында жашайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0