Ниндзя кийимин кийип иштеген япондуктар

© AFP / YOSHIKAZU TSUNOЯпониядагы байыркы шаарлардын бири Кокада муниципалдык мекемелердин кызматкерлери ниндзянын кийимин кийип жумушка келген. Архив
Япониядагы байыркы шаарлардын бири Кокада муниципалдык мекемелердин кызматкерлери ниндзянын кийимин кийип жумушка келген. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кока шаары илгертен бери ниндзялардын мекени болуп эсептелет. Былтыр шаардын бийлиги 22-февралды "Ниндзя күнү" деп жарыялаган.

БИШКЕК, 16 фев — Sputnik. Япониядагы байыркы шаарлардын бири Кокада муниципалдык мекемелердин кызматкерлери ниндзянын кийимин кийип жумушка келип жаткандыгын NHK маалымат порталы маалымдайт.

Сумо боюнча күрөшчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кырызстанда япон маданиятынын жумалыгы өтөт
Бул шаар ниндзялардын мекени катары белгилүү. Жергиликтүү жашоочулар мындай кадамы туристтерди тартуу үчүн жасалган деп түшүндүрүшөт. Ошондуктан, аткаминерлер жана муниципалдык кызматкерлер ниндзянын кийимин кийүү чечимине келишкен.

Аны менен бирге Кокага кошуна турган Ике шаары да ниндзялардын мекени болуп келет. Феодалдык Япония заманында аталган жер ниндзялардын белгилүү шаарчасы болгон. 2015-жылы эки жак тең 22-февралды "Ниндзя күнү" деп жарыялаган.

Япония боюнча дээрлик ондон ашуун ниндзялардын уруулары болгон. Алардын ичинен атактуусу Кока жана Ига провинцияларынан чыккан. Ал кезде Кока аймагынын "Коканын 53 үй-бүлөсү" аттуу коалициясы көзөмөлдөп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0