Евробиримдик Белоруссия президентине каршы санкцияларын токтотту

© REUTERS / VASILY FEDOSENKOБелоруссиянын президенти Александр Лукашенко. Архив
Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Евробиримдик Белоруссияда адам укуктары бузулууда деген жүйөө менен бир нече адамга санкция киргизген.

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. 28 өлкө катышкан Евробиримдиктин жыйынында Белоруссиянын президенти Александр Лукашенкого карата санкциялар алынганын Евробиримдиктин маалымат кызматы кабарлаганын РИА Новости жазып чыкты.

Эрдоган ЕБ мамлекеттери менен болгон чек арасын качкындар үчүн ачам деп коркутту
Бул чечим боюнча 1-мартка чейин Евробиримдиктин атайын токтому чыгаары айтылды. 

Маалыматка ылайык, Евробиримдик Белоруссиянын жүз жетимиш жаранына жана үч компаниясына каршы санкциясын токтотуу чечимин кабыл алды. Мындан сырткары эки оппозициялык маанайдагы саясатчылардын жоголуусуна байланыштуу жана төрт жарандын иши боюнча тергөө бүтпөгөндүктөн аларга карата санкциялар 12 айга созулат. 

Евробиримдик Белоруссияда адам укуктары бузулууда деген жүйөө менен бир нече адамга санкция киргизген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0