05:42 21 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8030
  • EUR77.3278
  • RUB1.0452
Сирия аскери. Архив

Түркия Сирияга аскер жөнөтүүгө ниети жоктугун айтууда

© Sputnik / Илья Питалев
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
69 0 0

Түркиянын Коргоо министри Исмет Йылмаз буга чейин бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары жазган "100 аскер Сириянын аймагына киргизилген" деген маалыматты четке какты.

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Түркиянын Коргоо министри Исмет Йылмаз түрк бийлиги Сирияга аскер жөнөтпөгөндүгүн жана мындай ниети жоктугун билдирди. Бул маалыматты РИА Нововсти Anadolu агенттигине таянып билдирди.

"Сирияга түрк аскерлерин алып кирели деген оюбуз да жок", — деди Коргоо министри. Йылмаз буга чейин бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары жазган 100 аскер Сириянын аймагына киргизилген деген маалыматты четке какты.

Министр Сауд Аравиясынын аскер аба күчтөрүнүн учактары азыр Түркияга келе электигин айтып, бирок, алар эртең жайгаштырылышы мүмкүндүгүн билдирди.

"Азырынча, алар абалды жеринен иликтеп көрүштү. F-16 үлгүсүндөгү төрт учакты жайгаштыруу чечими кабыл алынды, алар эртең келиши мүмкүн. Бул боюнча макулдашылып, тиешелүү тапшырмалар берилди", — деп айтты Йылмаз.

Ишемби күнү түрк артиллериясы Миннех аба базасынын күрддөрдүн коргонуу күчтөрүн аткылаган. Түркиянын премьер-министри Ахмет Давутоглу муну Түркиянын чек араларына кооптуулук жараткан Сириядагы күрддөрдүн демократиялык союзунун аракеттерине жооп катары берилген аткылоо деп атады. Анын айтымында, Сириядагы күрддөрдүн лидери Салих Муслим Алепподон түндүктү көздөй кеткен аймакта позициясын таштоо талабына баш ийген эмес.

Мындай окуядан кийин Сирия бийлиги Бириккен улуттар уюмунун башкы катчысы Пан Ги Мун менен Коопсуздук кеңешине кат жолдогон. Анда Дамасктын "Түркия тарабынан сириялыктарды аткылоону жана Анкаранын араб өлкөсүнүнүн аймактык бүтүндүгүн бузуп жаткандыгын" айыптай тургандыгы айтылат.

Ошону менен эле дүйнөлүк уюмдарга өздөрүнүн милдеттенмелерин аткарып жана "түркиялык режимдин кылмыштарына чекит коюу" чакырыгы айтылган. 

Тема боюнча

Кыргызстандык серепчи Сириядагы утурумдук тынчтык тууралуу: оюнчулар түрдүү максатты көздөшөт
Түрк депутаты: Сириядагы согуштук соккулар кыйроого алып келет
Белгилер:
аба базасы, учак, Түркия, Сирия

ЭҢ МААНИЛҮҮ