Ким Чен Ын спутниктерин учурууну улантаарын айтты

© REUTERS / KCNAТүндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын. Архив
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түндүк Корея кошуналардын нааразы болгонуна карабастан спутниктерди учурууну жана илимий иштерин улантаарын билдирди.

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын кошуна өлкөлөрдүн нааразы болгонуна карабастан спутниктерди учуруп, илимий иштерди улантаарын билдиргенин РИА Новости жазып чыкты. 

Маалыматка ылайык, 7-февралда Түндүк Кореянын асманга атылган ракетасы "Кванмёнсон-4" жасалма спутнигин учурган.Бул көрүнүштү кошуна өлкөлөр ракеталык жарыш деп баалаган.

"Бүгүнкү ийгиликти колдон чыгарбай, жакшы жыйынтыктар үчүн илимий ишти улантуу зарыл. Биз спутниктерди көбүрөөк учурабыз", — дейт Ким Чен Ын.

Спутникти учуруу боюнча жарыя кылган иш-чарага Ким Чен Ын, анын жубайы Ли Соль Чжу жана башка коомдук ишмерлер, окумуштуулар катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0