Түрк артиллериясы Сирияны кайтадан аткылаганын ЖМК билдирди

© AFP / ARIS MESSINISТанкка отуруп жаткан түрк аскери. Архив
Танкка отуруп жаткан түрк аскери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атышуу Сириядагы күрддөрдүн Түркиянын аймагын аткылоосуна жооп катары жасалганын ЖМК өзүнүн жеке булагына таянып билдирүүдө.

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Түркиянын аскер күчтөрү Сириядагы күрддөргө карата ок чыгарды. Күрддөрдүн эки аскери каза болгонун РИА Новости NTV телеканалына шилтеме берүү менен билдирди.

Буга чейин түрк артиллериясы Миннех авиабазасындагы күрд күчтөрүнүн аскерлерин аткылаган. Түркиянын премьер-министри Ахмет Давутоглу бул аракетти түрк чек арасына коркунуч жараткандарга жооп катары баалап, Сириядагы күрд күчтөрүн Алеппо шаарындагы аракеттеринен баш тартууга чакырды. Бирок, Сириядагы күрддөрдүн партиясынын лидери Салих Муслим ага көнгөн эмес.

Кыргызстандык серепчи Сириядагы утурумдук тынчтык тууралуу: оюнчулар түрдүү максатты көздөшөт
Телеканалдын булагы берген маалыматка ылайык, Түркиянын аскер күчтөрү эми сириядагы күрддөрдүн аткылоосуна жооп берип турат.

Ал ортодо Дамаск Түркиянын Сириянын жашоочуларына жана өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө келтирилген соккуну кескин сынга алган.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган АКШга же Анкараны же Сириядагы күрддөрдү тандоону сунуштады. Өз кезегинде АКШнын мамлекеттик департаментинин расмий өкүлү Америка сириядагы күрддөрдү террорист деп тааныбай тургандыгын жана алардын "Ислам мамлекети" террордук тобуна каршы активдүү күрөшүп жатканын билдирген. Бул билдирүүдөн кийин Түркиянын Тышкы иштер министрлиги АКШнын Анкарадагы элчиси Жон Бассты түшүндүрмө берүү үчүн чакырткан болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0