Россияда салмагы 300 килограмм, узундугу 300 метр болгон колбаса жасалды

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүКалининград шаарынын тургундары "Колбаса күнүн" майрамдоодо. Архив
Калининград шаарынын тургундары Колбаса күнүн майрамдоодо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын Калининград шаарынын тургундарына майрамдын алкагында узундугу 300 метр болгон колбасадан ооз тийишти.

БИШКЕК, 14-фев. – Sputnik. Узундугу 300 метр, салмагы 300 килограмм болгон колбасаны Калининград шаарынын тургундары "Колбаса күнү" майрамынын алкагында ооз тийишкенин РИА Новости билдирди.

Маалыматка ылайык, бул жылы Калининград шаарында бешинчи ирет "Колбасанын узундугунчалык күн" аталыштагы майрам өтүүдө. Бул майрамдын алкагында шаар тургундарына колбасадан жасалган ар кыл тамактар тартууланса, эң башкысы узундугу 300 метр, салмагы 300 килограмм болгон колбаса жасалды. 

Иш чара шаардагы Дүйнөлүк океан мүзейиндө өткөрүлгөн. 

"Бул майрамды биз бешинчи жолу өткөрүп жатабыз. Ушуга окшогон иш-чаралар шаардын атын таанытууга жардам берет", — дейт Калининград облусунун маданият министри Светлана Кондратьева.

Майрамдын алкагында жасалчу колбасанын көлөмү жыл сайын көбөйүүдө. Маселен, мурдагы жылы 120 килограмм болсо, былтыр 130, быйыл 300 килограммды түзгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0