Күндүн жылышынан улам аюулар чээнден чыга баштады

© Валерий Шустов / Медиабанкка өтүүКоруктагы Аюу. Архив
Коруктагы Аюу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын "Брянск токойу" коругунун аюулары 2014-жылкы рекордду жаңылашты — анда кышкы уйкудан биринчи аюу 12-февраль күнү ойгонсо, быйыл 7-февралда чээнден чыкканын сүрөт капкан тартып алган.

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Россиянын Брянск облусундагы аюулар жылуу аба ырайынан улам чээнден чыга баштады.

"Брянск токойу" коругунун кызматкерлери быйыл аюулар мурдагы жылкы рекордун жаңылаганын айтышууда. Анда кышкы уйкудан биринчи аюу 12-февралда ойгонсо, быйыл андан беш күн мурун чээнден чыгып кеткени катталган.

Адистердин айтымында, коруктун башка бөлүктөрүндө да эки аюу уйкудан ойгонгон. Буга күндүн жылышы себепкер, анткени жылуу аба-ырайын аюулар жаздын келиши деп кабыл алат. 

"Бул абдан эрте мөөнөт. Анын үстүнө аюулар быйыл чээнге декабрдын аягында гана киришкен. Тамактана турган азыгы кенен. Мындан тышкары, бул маалда жаныбарлар өтө аз кыймылдашат, демек, көп күч коробойт", — дешти коруктун кызматкерлери.

Эки аюудан тышкары токойчу үч жашар мамалагын ээрчитип жүргөн чоң аюуну да кездештирген.

Аталган корукта учурда 25 аюу бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0