Гавайиде Зика вирусуна каршы өзгөчө кырдаал режими киргизилди

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүМауи аралы. Архив
Мауи аралы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саякатчылар америкалык Гавайи аралына Зика вирусун алып келди. Буга ылайык, штат аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилип, вирусту таратуучу чиркейлер менен күрөшүүгө кошумча каражат тартуу каралып жатат.

БИШКЕК, 13-фев. – Sputnik. Америкадагы Гавайи штатынын бийлиги архипелагда денге тумоосу менен ооругандардын көбөйүшүнө жана Зика вирусунун таркап кетүүсүн алдын алууга багытталган өзгөчө кырдаал режими киргизди. Бул тууралуу Ассошиэйтед Пресс агенттиги билдиргендигин РИА Новости жазып чыкты.

Сотрудник лаборатории проводит анализ на наличие вируса зика. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Кайдан келген немесиң, Зика?
Штаттын аймагында денге оорусуна чалдыккан 250дөн ашык жаран катталган. Штат бийлигин аталган ооруну тараткан чиркейлер Зика вирусун да жайылтып жиберет деп тынчсызданууда. 

Гавайинин губернатору Дэвид Айж Зика менен ооругандар башка өлкөлөргө барып жуктуруп келишкенин билдирди. Анын айтымында өзгөчө кырдаал режимин киргизүү чиркейлер менен күрөшүүгө кошумча каражат табууга өбөлгө түзөт.

Зика оорусу — маймылдардын курч инфекциялык илдети. Ал айрым учурда гана чиркейлер аркылуу адамга жуга турганы байкалган. Вирус көбүнесе кош бойлуулар үчүн өтө кооптуу, анткени ал түйүлдүктүн баш мээсине доо кетирүүгө жөндөмдүү келет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0