Окумуштуулар гравитациялык толкундун бар экенин расмий түрдө тастыкташты

© NASAСүрөтчү тарткан Феникс жылдызындагы галактика.
Сүрөтчү тарткан Феникс жылдызындагы галактика. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпы салыштырмалуулук теориясына ылайык эки "кара тешик" бири-биринин айланасында айлануу менен гравитациялык толкундардын чагылышынан улам энергиясын жоготот. Анын жыйынтыгында алар миллиарддаган жылдар ичинде акырындык менен жакындайт.

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Илим тарыхындагы эң маанилүү окуя бейшемби күнү болду: америкалык окумуштуулар тобу гравитациялык толкундун табылганы боюнча расмий билдирүү тараташты. Альберт Эйнштейн тарабынан гравитациялык толкундун бардыгы 100 жыл мурда айтылган болчу.

Окуучулар жасаган ракета, учак жана автоунаа. Жалал-Абаддагы жөндөмдүү балдардын жумалыгы
Толкундар 2015-жылы 14-сентябрда Луизина жана Вашингтон штаттарындагы LIGO обсерваториясындагы гравитациялык детектерлор аркылуу табылган. Массачусетс жана Калифорния технологиялык институтунун окумуштуулары космостогу эки "кара тешиктин" кагылышынан "убакыт мейкиндигин" аныктоого жетишишкен. Бул эки "кара тешиктин" көлөмү күндөн 29 жана 36 эсе чоң болгон.

Гравитациялык толкундардын табылышы илимдеги эң чоң жетишкендик экенин LIGO обсерваториясынын Москвадагы тобунун жетекчиси Валерий Митрофанов белгиледи.

Анын айтымында, бул ачылыштын жыйынтыгын адамдар электромагниттик толкундар сыяктуу эле бир канча убакыттан кийин түшүнүп баштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0