Россиялык ишкана Кыргызстандан мөмө жана жер-жемиштин он түрүн сатып алууга даяр

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүКапуста өстүрүү. Архив
Капуста өстүрүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Продукциясын Россияга экспорттоону каалаган жергиликтүү өндүрүүчүлөр экономика министрлиги менен байланышка чыкса болот.

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Россиялык ишкана Кыргызстанда өндүрүлгөн мөмө жана жер-жемиштердин он түрүн сатып алууга кызыктар экендигин КРдин Экономика министрлиги билдирди. 

Ысык-Көлдүк фермерлер валериана чөбүн Европага экспорттоп жатат
Маалыматка ылайык, россиялык ишкана Кыргызстанда өндүрүлгөн мөмө-жемиштерди сатып алуу ниетин Экономика министрлигинин алдындагы “Бирдиктүү терезе борбору” мамлекеттик ишканасына билдирген. 

Продукциясын Россияга экспорттоону каалаган жергиликтүү өндүрүүчүлөр Экономика министрлигинин экспортту өнүктүрүү жана алдыга жылдыруу бөлүмү менен байланышка чыкса болот. 

Жаңылыктар түрмөгү
0