Афганистанда эки уюмдун 37 согушкери жок кылынды

© REUTERS / STRINGER/AFGHANISTANАфган аскерлери. Архив
Афган аскерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Афганистан өкмөтү аймагында тамырын жайып бараткан "Ислам мамлекети" жана бекем отурукташып калган "Талибан" уюмдарына каршы туруусун улантууда.

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Афганистандагы атайын операцияда өкмөттүк аскерлер акыркы суткада бери дегенде 37 согушкерди жок кылды. Бул туурасында Khaama Press маалымат агенттиги өлкөнүн Коргоо министрлигине таянып билдирди.

Жок кылынгандардын ичинен алтоосу "Талибан" радикалдык кыймылынын согушкерлери болуп чыкты. Маалымат агенттиги, жарадар болгондордун 20сы талиптер, ал эми 14ү "Ислам мамлекетинин" согушкерлери экендигин кабарлады. 

Операция Кундуз, Сари-Пуль, Герат, Гильменд, Нангархар жана Баглан аймактарында жасалды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0