Зика оорусу 33 өлкөнү кучагына алды

© REUTERS / Enrique MarcarianАргентинада Зика вирусуна каршы иш-чаралар. Архив
Аргентинада Зика вирусуна каршы иш-чаралар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Зика ылаңы Латын Америкада жайыла турганын билдирди.

БИШКЕК, 7-фев. Sputnik. Зика оорусу 2014-жылдын февралынан 2016-жылдын январына чейин 33 өлкөнү кучагына алгандыгын Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму маалымдады деп билдирет Sputnik Türkiye агенттиги.

Лаборатория кызмакери Зика вирусуна текрешүү учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Зика вирусу дагы бир континентте табылды
Маалыматка ылайык, Латын Америка өлкөлөрүндө Зика ылаңына Гийена-Барре синдрому менен ооругандар чалдыккан. Колумбия өкмөтү Зика вирусун жуктурган үч жаран Гийена-Барре синдромунун негизинде өлгөндүгүн кабарлаган.

Бразилия Зика вирусу менен микроцелафия ооруларынын ортосунда байлыныштын бар-жогун иликтөөдө.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, Зика оорусу Кыргызстанга да жеткен, бирок коркунуч жарата турган жагдай жок. Аталган оорунун алдын алуу чараларынын алкагында Ош жана Бишкек аэропортторунда адамдын денесинин дене табын өлчөөчү аппараттар орнотулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0