Красноярста полиция кызматкери күйүп жаткан үйдөн 49 тургунду куткарды

© Sputnik / Сергей Субботин / Медиабанкка өтүүКрасноярск шаарындагы көпүрө. Архив
Красноярск шаарындагы көпүрө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Красноярск полициясынын офицери беш кабаттуу үйдөн 49 тургунду чыгаргандан кийин ооруканага жаткырылды. Маалыматка ылайык, ал иске ууланган.

БИШКЕК, 7-фев. — Spuntik. Красноярск полициясынын офицери күйүп жаткан үйдөн тургундарды чыгаргандан кийин ооруканага жаткырылды. Ал көп кабаттуу үйдө чыккан өрттөн 49 тургунду куткарып, иске ууланганын РИА Новости агенттиги Россиянын ИИМине шилтеме берүү менен билдирди.

Маалыматка ылайык, Дубинино айылындагы беш кабаттуу үйдө өрт чыкканы тууралуу билдирүү полицияга түндө түшкөн. Окуя болгон жерге капитан Максим Якименко биринчилерден болуп келген.

"Өрт чыккан үйдүн ичи түтүнгө толгон. Ал бир канча мүнөт бардык батирлердин эшигин каккылап, уктап жаткан тургундарды ойготуп, алардын үйдөн чыгуусуна жардам берген. Анын жардамы менен 49 киши сыртка чыгарылса, анын 15и балдар", — деп айтылат Россиянын ИИМи тараткан билдирүүдө.

Тургундарга жардам берген полициянын капитаны райондук ооруканага жаткырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0