Малайзиянын жогорку окуу жайы Кыргызстанга 10 орун берүүгө даяр

© flickr.com / Will FolsomЖОЖ окуучусу. Архив
ЖОЖ окуучусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын аталган өлкөдөгү элчилигинин сунушуна азырынча бир окуу жай жооп кайтарды.

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Малайзиянын "Kolej Mentari" жеке жогорку окуу жайы кыргызстандык студенттер үчүн стипендия каралган 10 орун бөлүп берүүгө даяр экенин Кыргызстандын аталган өлкөдөгү элчилиги билдирди.

Бишкектик 3 окуучу эл аралык жарыштан алтын баштаган 11 медаль алып келишти
Маалыматка ылайык, элчилик өткөн окуу жылдын башынан тартып Малайзиянын эл аралык университеттери менен кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген. Анда кыргызстандык студенттерге стипендия берилүүчү же гранттык орундардын бөлүштүрүлүшү каралган.

Бүгүнкү күндө элчиликтин сунушу боюнча аталган окуу жай иштешүүгө даяр экенин билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0