Месси кичинекей күйөрманы Муртаза менен жолугушат

© AFP / STRАфганистандык беш жашар Мурзата.
Афганистандык беш жашар Мурзата. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Месси афганистандык күйөрманы беш жашар Мурзата менен Афганистанда же Испанияда жолугушат.

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Барселона футбол клубунун оюнчусу Лионель Месси Афганистандын футбол федерациясына кайрылып, Муртаза менен жолугуу ниетин билдирди. Бул тууралуу аталган федерациядан кабарлады. 

Түркиядагы мелдеште мыкты оюнчу аталган Тилек кыргыздын Роналдусу болгусу келет
Буга чейин, афганистандык кичинекей бала желим пакеттен жасалып, Мессинин аты жазылган футболканы кийип топ тээп жүргөн сүрөтү интернетте жайылып кеткен. Кеңири талкуудан кийин бала изделе баштаган. Журналисттер беш жашар Муртазанын Афганистанда жашарын аныктап чыгышкан. 

Маалыматка ылайык, Мессинин Афганистанга келери же Муртазанын Испанияга барары азырынча тактала элек. Ал эми Барселона клубу Мессинин Муртаза менен жолуга турганы тууралуу расмий маалымат бере элек. 

Мессинин атасы Хорхе социалдык тармакты дүрбөлөңгө түшүргөн жаш бала үчүн уулунун бир нерсе жасоону ойлонуп жатканын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0