Зика вирусу дагы бир континентте табылды

© REUTERS / INA FASSBENDERЛаборатория кызмакери "Зика" вирусуна текрешүү учурунда. Архив
Лаборатория кызмакери Зика вирусуна текрешүү учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Гаитиден кайткан эки австралиялык жаран Зика илдетине чалдыкканы белгилүү болду. Мындан тышкары, Сиднейдин эл аралык аэропортунан вирусту жайылтуучу чиркейлер аныкталган.

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Австралияда Зика оорусуна чалдыккан эки адам аныкталганын өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Адистер чочко тумоосунан коргонуунун жолун айтып беришти
Маалыматка ылайык, аталган дарт Гаитиден кайткан австралиялыктардан табылган. Мындан тышкары, бийлик Сиднейдин эл аралык аэропортунан вирусту жайылтуучу чиркейлер аныкталганын айтып чыкты.

Зика оорусу — маймылдардын курч инфекциялык илдети. Ал айрым учурда гана чиркейлер аркылуу адамга жуга турганы байкалган. Вирус көбүнесе кош бойлуулар үчүн өтө кооптуу, анткени ал түйүлдүктүн баш мээсине доо кетирүүгө жөндөмдүү келет. 

Үстүбүздөгү жылдын 27-январына карата аталган илдет дүйнөнүн 27 өлкөсүндө катталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0