Дагестанда алты айда экстремисттик деген 40ка чукул сайт жабылган

© flickr.com / John LodderКомпьютер клавиатурасы. Архив
Компьютер клавиатурасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2015-жылы Россияда согуш жүрүп жаткан Сирия, Ирактагы террористтик топторго каражат жыйноого көмөк көрсөткөн 450гө чукул сайт жабылган.

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Өткөн жылдын июль-декабрь айларынын арасында интернет айдыңынан экстремисттик маанайдагы 100гө чукул ресурстар табылса, алардын 40ка чукулу жабылды деп билдирди Дагестандын басма сөз министри Азнаур Ажиев.

"2015-жылдын июль айынан тарта интернетте экстремизм белгиси бар 100гө чукул сайттар аныкталган. Ал эми быйылкы жылдын январь айынын аягына карата 40ка чукул сайт жабылды", — деп айтты Азнаур Ажиев.

Өткөн жылдын ноябрь айында Россиянын Башкы прокуратурасы Сирия жана Ирактагы террористтик топторго каражат жыйноо максатында иштеп жаткан 450гө чукул сайттар жабылгандыгын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0