Марстан жасалган селфи сүрөт Жерге келип түштү

© NASA / JPL-Caltech/MSSSCuriosity марста жүргүч. Архив
Curiosity марста жүргүч. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Марсоход жасаган 57 селфи сүрөттү адистер кураштырып чыкты.

БИШКЕК, 31-янв. – Sputnik. Америкалык окумуштуулар Curiosity аталышындагы марсоход жасаган сүрөттөрдү алды. НАСА селфи кызыл планетанын Намиб дөбөсүндө жасалгандыгын кабарлады. 

Учурда Намиб дөбөсүндө окумуштуулар изилдөө иштерин жүргүзүп жатканы маалыматта белгиленет. НАСА мындай өңүттөгү сүрөттөрдү төртүнчү ирет жарыялап жатат.

Тартылган 57 селфи сүрөт жерге 19-январда келип түшкөн. 

Алты дөңгөлөктүү, 900 килограммдык Curiosity ровери Марска 2011-жылдын 6-августунда жөнөтүлүп, 2012-жылы кызыл планета аталган Марска жеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0