Кыргызстан "күчтүү паспорт" рейтингинде 63-орунду ээледи

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз Республикасынын жаранын паспорту. Архив
Кыргыз Республикасынын жаранын паспорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Рейтинг БУУга кирген өлкөлөр арасында түзүлгөн. Кыргызстан өзүнүн ордун Маршалл аралдары жана Оман менен бөлүшкөн.

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Кыргызстан дүйнөнүн таасирдүү паспорттор рейтингинде 54 упай менен 63-орунга чыкканын аталган рейтингдин сайтында жайгаштырылган.

Рейтинг тигил же бул өлкө жарандар үчүн визасыз кирип-чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн мамлекеттердин санына жараша түзүлгөн.

Тизмедеги 63-орунду Кыргызстан менен бирге Маршалл аралдары жана Оман мамлекети бөлөт.

Тыйындар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Moody's КРдин быйыл тышкы карызы боюнча абалы туруктуу болорун божомолдойт
Ал эми рейтингдин алдыңкы сабында 147 упай менен Улуу Британия жана АКШ турат. Германия, Корея жана Франция 145 упай менен экинчи орунду ээлесе, үчүнчү орунга 144 упай топтоп Италия менен Швеция туш болгон.

Мамлекеттердин анализи курамына 193 мамлекети жана Макао, Косово сыяктуу алты аймак кирген БУУнун тизмесинин негизинде жүргүзүлгөн.

Паспорт рейтинги (Passport Index) — бул кайсы мамлекеттердин паспорттору башка өлкөлөргө визасыз барууга мүмкүнчүлүк берерин аныктай турган интерактивдүү программа.

Жаңылыктар түрмөгү
0