Жыл башынан бери Европага деңиз аркылуу 47 миң бозгун качып барган

© Sputnik / Сергей Строителев / Медиабанкка өтүүЛесбос аралыгына келип аткан мигранттар. Архив
Лесбос аралыгына келип аткан мигранттар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алардын 45 миң 361и Грецияга барса, 1853ү Италияга багыт алган. Дайынсыз жоголуп же көз жумгандардын саны 177 адамга жеткени айтылууда. Frontex агенттигинин маалыматы боюнча өткөн жылдын он айынын аралыгында Евробиримдикке 1,2 миллион мигрант келген.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Жаңы жылдан тарта ушу күнгө чейин Европага деңиз аркылуу 47 миңден ашуун качкын келгенин Миграция боюнча эл аралык уюмдун расмий өкүлү Жоэл Миллман билдирди.

Грециянын Лесбос аралыгындагы качкындар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эл аралык миграция кызматы: жыл аягына чейин Европадагы качкындардын саны миллиондон ашат
Маалыматка ылайык, качкындардын 45 миң 361и Грецияга багыт алса, 1853ү Италияны баш паанектеген. Дайынсыз жоголуп же өлдү делгендердин саны 177ге жеткени айтылууда.

Аталган уюм былтыр деңиз аркылуу европа жээктерине 1 миллион 11 миң 712 качкын барган.

Евробиримдиктин Frontex чек ара агенттигинин акыркы маалыматы боюнча өткөн жылдын он айынын аралыгында Евробиримдикке 1,2 миллион мигрант келген. Еврокомиссия учурдагы миграциялык абал Экинчи дүйнөлүк согуштан берки ири каатчылык экенин белгилөөдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0