Сирия армиясы өлкө түштүгүндөгү стратегиялык маанидеги шаарды кайтарып алды

© Sputnik / Михаил Алаеддин / Медиабанкка өтүүТанк сирийской армии заходит на огневую позицию в районе Шейх-Мискин провинции Дераа.
Танк сирийской армии заходит на огневую позицию в районе Шейх-Мискин провинции Дераа. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөттүк аскерлер Шейх-Мискин шаарын алып, Дераа провинциясында согушкерлерди түштүк менен батышты байланыштырган жолун бууп салууга жетишти. Учурда террорчулар аталган шаардын батыш тарабынан чет жактарында согуштук аракеттерин улантып жатат.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Сирия армиясы Дера провинциясындагы стратегиялык калаа деп эсептелген Шейх-Мискин шаарын катуу кармаштан соң кайра кайтарып алууга жетишти. Бул туурасында РИА Новости Рейтер агенттигине таянып кабарлады.

Учурда аталган шаардын батыш тарабынан чет жактарында согуштук аракеттер уланууда.

"Шаар эки тарап үчүн тең абдан мааниге ээ. Өкмөттүк аскерлер Шейх-Мискин шаарын алып, Дераа провинциясында согушкерлердин түштүк менен батышты байланыштырган жолун бууп салууга жетишти", — деп билдирген жергиликтүү укук коргоо боюнча уюмдун жетекчиси Рами Абдулрахман.

Иракские военнослужащие в городе Эр-рамади. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Ирак терроризм менен өзү эле күрөшөрүн жар салды
Ал шаар абдан талкалангандыгын билдирген. 

Сирияда 2011-жылдын март айынан бери куралдуу кагылыштар уланууда. Ар кыл топтордон куралган куралдуу согушкерлердин отряддарды өкмөттүк аскерлерге каршы согушуп келет. Алардын арасында активдүүлөрү "Ислам мамлекети" жана "Жебхат ан-Нусра" террордук топторунун согушкерлери. Учурда сириялык армия Россиянын аба космостук күчтөрдүн жардамы менен согушкерлерге чабуулдарды жасап жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0