Түркмөнстандын борборунда тамеки сатууга уруксат берилди

© Sputnik / Сергей Субботин / Медиабанкка өтүүАшхабаддагы президенттин резиценциясы. Архив
Ашхабаддагы президенттин резиценциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түркмөнстандагы дүкөндөрдө 10 күн тамеки сатылган жок. 12-январда сатыктан тамекилер алынганда анын баасы көмүскө базарда 1,5-2 эсе кымбаттап, 20-30 манатка чейин жогорулаган.

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Ашхабаддагы мамлекеттик дүкөндөрдө жекшемби күнү 10 күндүк тыюу салуудан кийин тамекилер кайтадан сатылып баштаганын РИА Новости билдирди.

Ашхабаддагы дүкөндөрдүн биринин сатуучусу билдиргендей, тамекилерди сатыкка ишемби күнү түндө алып келип башташкан.

Тамеки сатып алып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда 1-январдан тарта тамеки кымбаттады
Ал эми коммерциялык дүкөндөр тамекини "тааныштарына" гана сатууда. Бир катар дүкөндөрдө тамеки түгөнүүдө. Дагы тыюу салынат деп чочулаган тургундар тамекини көп сатып алышууда.

Учурда Ашхабадда бир куту тамеки 9,5-11 манаттан сатылууда (учурдагы эсептөө боюнча 1 доллардын курсу 3,5 манатка барабар). Учурда кымбат тамекилер сатылбай эле турганы маалымдалат. Алар биринчи күндөн баштап алып келинет. 12-январда күркөлөрдөн тамекилер алынгандан кийин анын баасы эки эсе кымбаттап 20-30 манатка чейин жеткен болчу.

Түркмөнстанда тамекиге байланышкан маселе коопсуздук боюнча мамлекеттик кеңештин 5-январындагы жыйынынан кийин башталган. Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Гурбангулы Бердымухамедов коомдун саламаттыгын сактоо боюнча мамлекеттик кызматтын ишмердигин сынга алган. Бул кызматтын бир катар жетекчилерине сөгүш жарыяланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0