Google Улуу Британияга салык иретинде 185 млн. доллар төлөп бермей болду

© AFP / GEORGES GOBETGoogle компаниясынын логотиби. Архив
Google компаниясынын логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул сумма акыркы 10 жыл ичинде компанияга чегерилген салыкты жана аны мөөнөтүндө төлөбөгөндүгү үчүн үстөк төлөмүн жабууга багытталган.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Google компаниясы Улуу Британияга 185 миллион доолар төлөй турганын Wall Street Journal гезитине таянуу менен РИА Новости билдирди.

Кыргызстандык Тилек Мамутов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Google компаниясын багынткан Мамутов. "Заманбап көчмөндүн" аңгемеси
Компания өлкө бийлиги менен салык чырынын аягына чыгуу боюнча бир пикирге келди. Бул сумма 2005-жылдан 2015-жылга чейинки чегерилген салыкты жана аны өз убактысында төлөбөгөнү үчүн кошулган туум көлөмүн жабууга жетери айтылууда.

Макулдашууга ылайык, Google компаниясы төлөй турган салык Англияда катталган реклама берүүчүлөрдөн түшкөн кирешеге жараша төлөнмөкчү.

Басылманын айтымында, эсептешүүнүн жаңы системасы компания төлөй турган сумманы бир топ жогорулатып жиберет.

Жаңылыктар түрмөгү
0