РФ АКШнын беш россиялык консулдукту жабуу чечимине нааразы

© Sputnik / Михаил Фомичев / Медиабанкка өтүүАКШнын жана Россиянын желеги орнотулган автоунаа. Архив
АКШнын жана Россиянын желеги орнотулган автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШнын Мамлекеттик департаменти ар кайсы штатта жайгашкан Россиянын ардактуу консулдуктарын жабуу чечими нааразылык туудуруп жатканын ТИМдин расмий өкүлү Мария Захарова билдирди.

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Москва Россиянын АКШдагы ардактуу консулдардын аккредитациясын чакыртып алуу боюнча Вашингтондун чечими түшүнбөстүк жаратып жатканын РФ ТИМнын расмий өкүлү Мария Захарова билдирди.

Маалыматка ылайык, АКШ Калифорния, Юта, Миннесота, Флорида жана Пуэрто-Рико штаттарында жайгашкан россиялык консулдуктарды жабуу ниетинде.

"Аккредитацияны чакыртып алуудан тышкары, консулдарга кылмыш ишин козгоо кооптуулугу бар", — деди Захарова.

Дипломат АКШ бул чечимине эки тараптуу мамилелердин чыңалышына Россия себепкер деген жүйө келтириши акылга сыйбай турганын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0