Бир катар киночулар "Оскарга" расизмден улам бойкот жарыяларын айтышты

© AFP / GABRIEL BOUYS Оскар сыйлыгы. Архив
Оскар сыйлыгы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Франс Пресс агенттиги Twitter баракчасында #OscarsSoWhite ("Ушундай бир аппак Оскар") хэштеги улам активдүүлүк ала баштагандыгын билдирди.

БИШКЕК, 19-янв — Sputnik. Америкалык белгилүү режиссер Спайк Ли быйылкы "Оскарды" тапшыруу салтанатына басып да келбей турганын айткан. Анын мындай кадамына кара түстүү актерлордун аталган сыйлыкка эки жыл катары менен номинант болбой калып жаткандыгы себепкер болгон. Бул туурасында РИА Новости Франс Пресс агенттигине таянуу менен кабарлады.

"Ушундай кантип болсун, экинчи жыл катары менен сыйлыкка талапкер актерлордун бардыгы ак түстүүлөр. Ал эми башка тармактарды айтпай эле коёлу. Эки жыл ичинде ак түстүү кырк актер катышты", — деп жазган Ли Instagram баракчасына.

"Сүтак" Оскар сыйлыгына ат салышуудан четтеп калды
Ал эми кара түстүү актриса Жада Пинкетт-Смит бул белдүү киносыйлыкка бойкот жарыялап, 28-февралда өтө турган аземге барбай тургандыгын айткан.

Мындан сырткары агенттик Twitter баракчасында #OscarsSoWhite ("Ушундай бир аппак Оскар") хештеги улам активдүүлүк ала баштагандыгын билдирди.

Быйыл 88-жолу болуп жаткан киносыйлык Голливудда 28-февралда өтөт. Номинанттардын аты-жөнү 14-январда жарыяланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0