АКШ санкциядан бошотулган ирандык ишканалардын тизмесин жарыялады

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүАКШнын желеги. Архив
АКШнын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Санкциялар жеке жана юридикалык жактардын финансылык жана банктык трансакцияларына карата алынды. Анын ичинде Ирандын Борбордук банкы дагы бар экени АКШнын Каржы министрлиги тараткан билдирүүдө айтылат.

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. АКШнын Каржы министрлиги Ирандын өзөктүк маселеси боюнча "алтылык" жетишилген макулдашууга байланыштуу жекшемби күнү санкциялар алынган уюмдардын тизмесин жарыялады.

Ишемби күнү МАГАТЭге мүчө мамлекеттер Ирандын өзөктүк программасы боюнча эксперттердин акыркы докладдын алышты. АКШ менен Европа биримдиги Иранга карата өзөктүк программадан улам киргизилген экономикалык жана финансылык санкциялардын алынганын билдирди.

Супермаркетте жашылча жемиш алып жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖМК: түрк экспортерлору россиянын санкциясынан улам чыгым тартууда
АКШнын Каржы министрлигинин маалыматында санкциялар жеке жана юридикалык жактардын финансылык жана банктык трансакцияларына карата алынды. Анын ичинде Ирандын Борбордук банкы дагы бар. Санкция алынган мекемелер: Ирандын мамлекеттик мунай компаниясы (NIOC), Naftiran Intertrade Company соода уюму (NICO), танкердик жүк ташуучу National Iranian Tanker Company (NITC) компаниялары бар.

АКШнын Каржы министрлиги жалпысынан 400дөн ашык жеке жактардан жана компаниялардан санкцияларды алды. Ошол эле учурда 200гө жакын тарапка салынган санкция алынган жок. Эми АКШга Ирандын килемдерин, кара икрасын жана мистесин экспорттоого уруксат берди. Иран негизинен мунай заттарын экспорттойт. Бирок, килем жана жер-жемиш дагы экспортолчу негизги товарлардын катарына кирет.

Иран менен "алтылык" былтыр 14-июлга караган түнү Ирандын өзөктүк программасын жөнгө салуу боюнча тарыхый макулдашууга жетишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0