Индонезиянын борбору Жакартада жардыруу болуп, алты киши өлдү

© REUTERS / BeawihartaСерия взрывов в Джакарте
Серия взрывов в Джакарте - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жакарта шаарында катары менен бир нече жардыруу болуп, каза болгондордун арасында полиция кызматкери да бар.

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Индонезиянын борбору Жакартада катары менен болгон жардыруудан каза болгондордун саны алты кишиге жеткенин Рейтер маалымат агенттиги билдирди. 

Буга чейин бийлик өкүлдөрү каза болгондор 4 киши экенин маалымдашкан. Алдын ала маалыматтар боюнча теракты 10-15 кишиден турган согушчандар уюштурган. Анын кесепетинен алты киши каза болду, арасында полиция кызматкери да бар.

"Менин жанымда турган полицияны атып салышты", — деген пикирин окуягы күбө болгон жаран Рейтер агенттигине билдирген.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, Жакарта шаарында катары менен алты жардыруу болгон. Алар соода борборунун маңдайында жана Starbucks кафесинин жанында орун алган. Бул аймакта мейманкалар, элчиликтер жана кафе-ресторандар орун алган.

Жардыруудан жапа чеккендердын так саны такталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0