Норвегияда качкындарды Россияга жөнөтүү үчүн велосипед чогултушууда

© AFP / JONATHAN NACKSTRANDРоссия Норвегия чек арасындагы текшерүү жайында турган велосипеддер. Архив
Россия Норвегия чек арасындагы текшерүү жайында турган велосипеддер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иммиграциялык мыйзамдын катуулашына байланыштуу өлкө бийлиги башка өлкөлөрдө жүрүүгө укугу бар качкындарды айдап жиберүүгө көбүрөөк мүмкүнчүлүк туулганын билдирди.

БИШКЕК, 14-янв. – Sputnik. Түндүк Норвегиянын полициясы жарактуу велосипеддерди бир нече миң качкындарды Россияга жөнөтүү үчүн чогултууда. Бул тууралуу ТV2 телеканалы билдиргенин РИА Новости жазып чыкты. 

Өлкөнүн иммиграция боюнча министри Сюльви Листхауг 5,5 миң качкынды Россияга айдап жиберүүнү көздөп жаткандыгы маалыматта белгиленген. 

Чек ара кызматкери паспортко мөөр коюсу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россиянын жарандары Кыргызстанда каттосуз 30 күн гана жүрө алат
Велосипед качкындар үчүн жол жүрүүгө ыңгайлуу каражаттардын бири болуп эсептелет. 

Норвегиядагы иммиграциялык мыйзамдын катуулашына байланыштуу өлкө бийлиги башка өлкөлөрдө жүрүүгө укугу бар качкындарды айдап жиберүүгө көбүрөөк мүмкүнчүлүк туулганы айтылууда. 

Массалык маалымат каражаттарындагы маалыматтар боюнча Норвегияга качкындар велосипеддин жардамы менен келишкен. Кийин велосипеддер таштандыга ыргытылып жок болуп кеткен. Буга ылайык аларды кайра Россияга кетирүү үчүн жол жүрүүгө жаңы каражат табуу маселеси турат. 

"Биз полиция тарабынан качкындардан алынган жана ыргытылган велосипеддерди кайтарып берүүнү суранабыз. Ал велосипеддерди качкындарды Россияга жөнөтүүгө колдонууга керек болуп жатат", — деп полициянын өкүлү Ян Эрик Томассен телекомпания аркылуу билдирүү жасаган. 

Эгер Россиянын бийлиги уруксат берсе Норвегия качкындарды автобустар менен деле жеткирип берүүгө аракет жасаарын билдиришүүдө. Бул боюнча Россия менен сүйлөшүү жүргүзүү маанилүү экенин расмий Норвегия баса белгиледи. 

Жаңылыктар түрмөгү
0