00:44 12 Бештин айы 2017
Түз эфир
Швециянын желеги. Архив

Литва "РТР-Планета" каналы тууралуу маалыматтарды швед полициясына берди

© flickr.com / Fredrik Rubensson
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
14 0 0

Литванын мыйзамдарын бузган деген кине менен "РТР-Планета" каналы апрелден июнь айына чейин өлкө аймагында ретранцлация кылууга тыюу салынган. Бул факты боюнча маалымат Швецияга берилген, анткени компания дал ушул мамлекеттин аймагында каттоого алынган.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Литванын телеберүү жана радио уктуруу боюнча комиссиясы швециянын полициясына чагымчылдык жана согушка түрткөн делген аракеттери жөнүндөгү маалматтарды берди. Бул тууралуу Lietuvos zinios маалымат радиосу комиссиянын төрагасы Эдмундас Вайтекундаска шилтеме кылып билдиргенин РИА Новости маалымдады.

Литва керектүү болгон маалыматтарды Швецияга жиберди.

"Биздин маалыматыбыздын негезинде полицияга кабар бергенин алар бизге маалымдашты. Биз аныктап жиберген маалыматты алар иликтешет", — деген пикирин Вайтекунас радиого билдирген.

Төраганын айтымында, комиссия берген маалыматтарды полиция текшерип жаткан биринчи учур. Швед компаниясы өз кезегинде литвалык кесиптештеринен керектүү маалыматтарды алгандын кийин полицияга кайрылышканын тастыкташты.

Былтыр декабрь айында литванын теле берүү жана радиоуктуруу комиссиясы 29-ноябрда "Владимир Соловьев менен болгон кеч" программасында өлкөгө болгон жек көрүү жана улуттар арасына чагым салган делип Литванын мыйзамдары бузулганын билдирген. Комиссия "РТР-Планета" каналынын бардык ретранслацияларын акы алынуучу пакеттердин катарына киргизген.

Буга чейин да былтыр апрель айынын июль айына чейин "РТР-Планета" каналы Литванын мыйзамдарын бузду делип өлкө аймагында ретранцлация кылууга тыюу салынган. Андан сырткары үч айга "Рен ТВ Балтик" (Ren TV Baltic) каналы, ушундай эле тыюу салуу 2014-жылы "НТВ-мир Литва" (NTV Mir Lithuania) кампаниясына да киргизилген.

Тема боюнча

Кулагыңа күмүш сырга. КРде биринчи жолу спорт каналы ачылды
КТРК жетекчиси: жумушумдан улам, туугандарымдан чыга турган болдум
Белгилер:
телеберүү, ЖМК, Литва, Россия
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ