АКШ "Ислам мамлекетин" жасаган терактылары үчүн айыптады

© REUTERS / StringerИракта болгон варвардык террордук актылар жайында.
Иракта болгон варвардык террордук актылар жайында. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Согушкерлер кечээ Ирактын бир нече районуна кол салып, анын кесепетинен 40 киши өлүп, 10го чукулу жарадар болду.

БИШКЕК, 12-янв — Sputnik. Америка Кошмо штаты "Ислам мамлекети" тобу жасадым деп жоопкерчилигин өзүнө алган Иракта болгон варвардык террордук актыларды айыптады. Бул туурасында АКШнын мамлекеттик департаментинин билдирүүсүндө айтылат.

Согушкерлер кечээ Ирактын бир нече районуна кол салып, анын кесепетинен 40 киши өлүп, 10го чукулу жарадар болду.

"Бул кол салуулар "Ислам мамлекетинин" күнөөсүз жай адамдардын өмүрүн ойлоп да койбогондугун көрсөттү. Биз экстремизмге каршы күрөшүүдө Ирак эли менен биргебиз", — деп жазылат ведомствонун билдирүүсүндө.

Департамент АКШнын мурдагыдай эле Ирактын өкмөт башчысы аль-Абади, ирактык коопсуздук күчтөрү жана террордук уюмду жок кылуу боюнча коалиция менен кызматташууга ниеттенип жаткандыгын кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0