Мексика наркобарон "Коротышканы" АКШга экстрадициялоо иштерин баштады

© REUTERS / Edgard Garrido"Коротышка" деген лакап ат менен белгилүү наркобарон Хоакин Гусман Лоэра кармалган кези. Архив
Коротышка деген лакап ат менен белгилүү наркобарон Хоакин Гусман Лоэра кармалган кези. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Техастын федералдык соту маңзат ташуу менен алектенген деген "Синалоанын" лидерин уюшкан кылмыштуулук, арам акчаны адалдоо, адам өлтүрүү жана курал-жаракты мыйзамсыз алып жүрүү боюнча айыптоодо.

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Интерполдун Мексикадагы кызматкерлери жекшемби күнү "Альтиплано" түрмөсүнө "Коротышка" деген лакап ат менен белгилүү наркобарон Хоакин Гусман Лоэраны алып келишти. Аны АКШга экстрадициялоо боюнча эки ордер берилген, учурда алгачкы аракеттер жасалууда.

"Экстрадициянын далилдөө жараяндары аяктагандан кийин сот органдары юридикалык баа берет. Андан кийин тийиштүү токтом кабыл алуу үчүн документтер Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлөт", — деп айтылат Мексиканын башкы прокуратурасы тараткан билдирүүдө.

Марихуана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кара-Көл шаарындагы ашканадан баңги зат табылды
"Коротышкага" карата акыркы ордер ал качып жүргөн маалда 2015-жылдын сентябрында берилген. Техастын федералдык соту маңзат ташуу менен алектенген деген "Синалоанын" лидерин уюшкан кылмыштуулук, арам акчаны адалдоо, адам өлтүрүү жана курал-жаракты мыйзамсыз алып жүрүү боюнча айыптоодо.

"Коротышка" ушуну менен үчүнчү жолу укук коргоо органдарынын колуна түшүп отурат. Ал биринчи жолу 1993-жылы Гваметалада кармалып, Мексикага өткөрүп берилген. 2001-жылы ал качып кеткен, ошондо анын АКШга өткөрүп берилиши жөнүндө маалымат тараган. 13 жыл качып жүрүп акыры 2014-жылы Масатлан шаарында кармалган. 2015-жылы июль айында ал кайтадан качып кетип, жарым жылдай жашырынып жүргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0