03:07 27 Жетинин айы 2020
Түз эфир
  • USD84.7990
  • EUR101.0465
  • RUB1.1239
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
141 0 0

Түндүк Кореянын борбордук гезити "Нодон синмун" АКШ Түштүк Кореяга өзөктүк стратегиялык бомбалоочу учагын жайгаштыруу менен согуштук кырдаалга жол ачыр жатканын белгилейт.

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Түндүк Корея АКШнын Түштүк Корея аймагына В-52 бомбалоочу учак жайгаштырганына байланыштуу өзөктүк курал менен коркутууда.

Пхеньян 6-январь күнү АКШнын жок кылуу коркунучунан коргонуу максатында суутек бомбасын сыноодон өткөргөнүн жар салган. Ага жооп кылып, америкалыктар Түштүк Кореяга стратегиялык курал-жарагын жайгаштыра баштаган. Жекшемби күнү АКШнын Тынч океанындагы Гуам аралында жайгашкан аскердик базасынан өзөктүк ок чыгара турган канаттуу ракеталары бар В-52 бомба таштоочу учагы келди. Мындан тышкары, Японияда жайгашкан "Рональд Рейган" атомдук учак ташуучу кемени алып келүү маселеси талкууланып жатат.

"Атомго атом менен. Бул биздин жооп", — ушундай аталыштагы макала менен Түндүк Кореянын "Нодон Синмун" басылмасы АКШнын Пхеньянга карата аракетин сындап чыкты.

"Учурда АКШ Түштүк Кореяга өзөктүк стратегиялык бомбалоочу учактын алып келүү тууралуу сөз козгоп жатат. Муну менен америкалыктар кырдаалды согуш чегине жеткирүүдө", — дейт басылма.

Анын айтымында, Америка абалга реалдуу баа берип, Корея менен болгон буга чейинки карама-каршылыктардан сабак алышы керек. 

"Биз, бактыга жараша, корея-америкалык талаш-тартыштан жеңип чыкканбыз", — деп жазат гезит.

2015-жылдын октябрь айында "Рональд Рейган" учак ташуучу кеме Түштүк Кореяда өткөн аскердик-деңиз окууларга катышкан. Анда 80ге чукул аскердик учак жана 5,4 миң аскер батат.

Америка Кошмо Штаттары менен Корея Элдик Демократиялык Республикасы 1950-1953-жылдары Корей жарым аралында болгон карама-каршылыктан улам согуш абалында болуп келет. Пхеньяндын АКШ менен расмий мамиле түзүү аракетинен ушул мезгилге чейин майнап чыга элек: Вашингтон мындай сунушту талкуулоодон баш тартууда. "Түндүктөн келчү коркунучтан" улам АКШ Түштүк Корея аймагына 28 миң америкалык жоокер жайгаштырган. Пхеньян бул коркунучту ойдон чыгарылган деп баалап, Америка коркутуп-үркүтүүсүн токтотпосо өзөктүк куралын өнүктүрүүнү убадалап келет.

Тема боюнча

Түштүк Кореянын президенти шектүү жер титирөө боюнча шашылыш жыйын чакырды
Белгилер:
суутек, өзөк, курал-жарак, бомба, Түндүк Корея, АКШ

ЭҢ МААНИЛҮҮ